Бишкек, Ош жана Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берилүүдө
- 3 года мурун
Бүгүн, 10-июлда, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтүүдө.
Мурда 3 992 шайлоочу шайлоогодобуш берүүчү жайдан тышкары жерлерде катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602 шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168, Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берген.
11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.