Марлен Маматалиев жетектеген “Ынтымак” партиясы Ош шаар кеңешине шайлоодон четтетилди

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында «Ынтымак» партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

«Жалпы иш» коомдук фонду Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.

«Ынтымак» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев БШКнын жыйынында талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, Боршайкомдун мүчөлөрүн партияны шайлоодон чыгарбай турууга чакырды.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты