​Шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү үчүн 3 992 арыз берилди

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайталап шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн 3 992 арыз түштү. Бишкек АШК берген маалымат боюнча 2 602 шайлоочу, Ош АШК боюнча – 1 168, Токмок АШК боюнча – 222 шайлоочу арыз берди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы кечээ, 9-июлда, билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш бере алышат:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалган жайларда камалып турган шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечим боюнча төмөнкү шайлоочулар өздөрүнүн жайгашкан жери боюнча добуш беришет:

  • калктуу конуштардан алыс обочолонгон жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • шайлоо күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген иштин үзгүлтүксүз цикли менен ишканаларда иштеген шайлоочулар;
  • вахта ыкмасы менен иштеген шайлоочулар;

2021-жылы 10-июлда шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү өтөт.

11 — апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында массалык мыйзам бузуулар орун алып, 12 — майдагы аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты