​Түркмөнстандан жүк келди

  • 3 года мурун

29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнстандан жүк жүктөлгөн учак келип конду.

2021-жылдын 27-июнунда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун аянтчасында Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги жана Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосунда келишимдерге кол коюлган.

Жалпы суммасы 21 миллион АКШ долларынан ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.

Ошондой эле жетишилген келишимдер алкагында кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.

Жүктү президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

28-июнда Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болуп, анда квзматташуу маселелери талкууланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты