​Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду.


Президенттик администрациянын маалыматына караганда, Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкө башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруу иш-чарасынан кийин Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда «Огузхан» Сарайына багыт алды.


Фото Султан Досаиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты