​Бишкек шаардык кеңешине катышууну каалаган жаңы 7 партиянын тагдыры эртең чечилет

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлдагы Бишкек шаардык кенешине кайра шайлоого катышууну каалаган жаңы 7 партияны шайлоодон четтеттүү чечимин кабыл ала элек.


Бишкек АШКсынын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн пикири эки ача чыкты. «Мыйзамда карама-каршылыктар бар, ушул себептен аталган саясий бирикмелердин кайталап добуш берүүгө катышуу жөнүндөгү жобону эки жол менен чечмелөөгө болот. Маселени кароо эртең, 20-июнга жылдырылды. Түн ортосуна чейин Бишкек АШКысы кайсы партиялар катталгандыгын маалымдайт”,-деди.

Эске сала кетсек, «Социал-демократтар» партиясынын башчысы Темирлан Султанбеков Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого катышпаган 7 партияны 11-июлдагы шайлоого катыштырбоону өтүнгөн.

Анын айтымында, «Өнүгүү – Прогресс», «Келечек-Будушее», «Биздин Кыргызстан», «Жаңы Мезгил», «Туран», «Столица», «Сила в единстве» партиялары кайра шайлоого катышууга укугу жок, анткени жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табууга негиз болсо, кайра шайлоо өткөрүлөт жана ага катышкан гана партиялар кайрадан талапкер болот алат. 11-апрелдеги шайлоого катышкан 25 партиянын ичинен 10 партия гана кайра шайлоого катышаарын билдирген.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо 12 – май күнү жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты