​«Эмгек» партиясы да шайлоодон четтетилди

  • 3 года мурун

12 –май күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» саясий партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алды.


Буга «Эмгек» саясий партиясынын айрым талапкерлери тарабынан райондук жана үй комитеттери аркылуу административдик ресурсту пайдалангандыгы себеп болгон.

Буга чейин «Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдоп, «Эмгек» саясий партиясын шайлоодон четтеттүүнү талап келген. Эгер кайрылуусу жоопсуз калса, «Ак Бата» партиясы шаардык кеңештеги мандаттарынан баш тартаарын жар салган.

Андан мурун, дагы бир экс — мэр Азиз Суракматов сүрөөнгө алган НДПК партиясы дагы шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандыгы үчүн мандат алуудан четтетилип, добуш берилген бюллетендери жараксыз деп табылган.

Эскерте кетсек, 11 – апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 7 пайыздык чекти 6 партия өткөн.

«Эмгек» — 10 мандат;

«Ак Бата» — 9 мандат;

НДПК — 8 мандат;

«Ата Журт Кыргызстан» — 7 мандат;

«Ынтымак» — 6 мандат;

«Биздин эл» — 6 мандат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты