​СД: Кайра шайлоого жаңы партиялардын катышуусуна мыйзам жол бербейт

  • 3 года мурун

«Социал-демократтар» партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого катышпаган 7 партияны 11-июлдагы шайлоого катыштырбоону өтүнгөн.


Социал-демократтардын төрагасы Темирлан Султанбековдун айтымында, «Өнүгүү – Прогресс», «Келечек-Будушее», «Биздин Кыргызстан», «Жаңы Мезгил», «Туран», «Столица», «Сила в единстве» партиялары кайра шайлоого катышууга укугу жок.

Себебин Темирлан Султанбеков:

«Бир катар АШК өкүлдөрүнүн аракеттери добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга негиз болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, эгерде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табууга негиз болсо, кайра шайлоо өткөрүлөт жана ага катышкан гана партиялар кайрадан талапкер болот алат. 11-апрелдеги шайлоого катышкан 25 партиянын ичинен 10 партия гана кайра шайлоого катышаарын билдирген », — деп түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо 12 – май күнү жокко чыгарылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты