​Алмамбет Салиев эки айга камакка алынды

  • 3 года мурун

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев УКМК тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынды.

Бул тууралуу чечимди 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Президенттик администрациянын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармаган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, А. Салиев Кыргыз Республикасынын экс-президентине болгон жакындыгынан пайдаланып, сот тутумунун, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, мамлекетке зыян келтирүү менен жеке структуралардын кызыкчылыктарын коргогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты