​Алмамбет Салиев камакка алынды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Президенттик администрациянын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, А. Салиев Кыргыз Республикасынын экс-президентине болгон жакындыгынан пайдаланып, сот тутумунун, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, мамлекетке зыян келтирүү менен жеке структуралардын кызыкчылыктарын коргогон.

Ошондой эле, Салиев мамлекеттик кызматта иштеген маалында өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген кымбат баалуу мүлктүктөрдү сатып алгандыгы аныкталган. Мыйзамсыз тапкан кирешелерин Алмамбет Салиев көп кабаттуу үйлөрдү жана коммерциялык объектилерин куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине инвестиция кылган.

Иликтөө иштеринде топтолгон далилдердин негизинде, 2021-жылдын 16-июнунда Алмамбет Салиев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмышка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алмамбет Салиев 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы, көп өтпөй премьер-министр С. Жээнбековдун буйругу менен Өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган.

2017-жылдын декабрь айында Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен президенттик администрация башчысынын орун басары болуп дайындалган.

2020-жылдын октябрь айында кызматынан бошотулган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты