​Медиа эксперттер «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жокко чыгарууну талап кылышты

  • 3 года мурун

“Медиа полиси институту” жана “Интерньюс” уюмдары 18 — июнь күнү «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун медиа эксперттер, журналисттер, юристтер жана бийлик өкүлдөрү катышуусунда талкууга алды.


“Медиа полиси институтунун” эксперттери депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнур Осмонованын бул мыйзам долбоорун жокко чыгарууну талап кылышууда.


Алардын айтымында, мыйзам долбоору жетиштүү так формулировкаланган эмес жана жарандар бул мыйзамдын талаптарына туура келген же келбеген маалымат экенин алдын ала биле алышпайт. Бул өз кезегинде сөз эркиндигинин принциптерине коркунуч келтирет.

«Мыйзамдын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн жооптуу адамдарга маалыматтка чектөө керек же керек эмес экенин аныктаган кеңири ыйгарым укуктар берилген», — дейт медиа эксперттер.

“Интерньюстун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова:

«Бир жыл мурун дагы, азыр дагы юристтер, медиа адистер, ошондой эле катардагы жарандар бул мыйзам долборунун кереги жок экенин айтып жатышат. Бул мыйзам иштебейт жана интернет колдонуучуларды жасалма жана жалган маалыматтардан коргой албайт”, — деди.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн топ түздү.

Бул мыйзам долбоору былтыр ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновалар тарабынан демилгеленип, коомчулуктун кескин сынына кабылган. Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамды 2020-жылдын 3 — августунда кайра кароого жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты