​Чуулгандуу “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн топ түзүлдү

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн топ түздү.


Анын курамына ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдардын, министрлер кабинетинин жана президенттин өкүлдөрү кирген.

Мыйзам долбоору депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. 3-августта ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековдун каршы пикири менен парламентке кайтарылган.

Жарандык коом бул мыйзам долбоору Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектейт, цензураны күчөтөт деген жүйөөлөрүн келтирип, өлкө жетекчилигин бул мыйзамдан баш тартууга чакырып келет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты