Президент Интернетти чектеген мыйзамга каршы пикирин билдирип, кайра парламентке жөнөттү

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарды.

Бул тууралуу 3-августта мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлап, ал мыйзамдын ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин Интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо зарылдыгы тууралуу концепциясын колдой турганын, бирок каршы пикирлерди бар экенин маалымдады.

Анда белгилегендей, Кыргызстандын ички мыйзамдары да, эл аралык нормалар да пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндигин кепилдейт, ошол эле учурда башка адамдын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана аброюн урматтоого да милдеттендирет.

Президенттин басма сөз кызматы ар бир адам жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу экенин, бирок пандемия учурунда социалдык түйүндөр аркылуу жалган жана анык эмес маалымат таратууга багытталган айрым адамдардын аракеттери адамдардын ден соолугуна же өмүрүнө, коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка зыян келтирүү коркунучун жаратууда, ошондой эле адамдардын мыйзам менен корголгон укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин кемсинтип жатканын белгиледи.

Жээнбеков мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, укуктук мамилелердин субъектилерин, аны ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу керек деп эсептейт.

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи, үчүнчү окууда дагы кабыл алган. Болгону 10 гана депутат каршы чыкты, 79 депутат макул деп добуш берген. Мыйзам долбоору Президенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына да туш болгон.

Демилгенин автору, ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты