​Нариман Түлеев: «Шаардын көйгөйлөрү менин катышуумсуз жана менин командамсыз чечилбейт»

  • 3 года мурун

11 — июлда өтүүчү Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого мурдагы мэр Нариман Түлеевдин «Ак-Бата» саясий партиясы барбай тургандыгын билдирди.


Нариман Түлеев кайрылуусунда «Ак-Батанын» мыкты программасын колдобой, акчага сатылып же шайлоого барбай койгон шаардыктарга таарынычын айтты.

Ошондой эле ал күнү-түнү түтүнү токтобогон шаардын таштанды жайы, суу жетпей куураган бак-дарактары, коомдук транспорт иштебей, борбордук калаада орун алган транспорттук коллапс үчүн шаардыктардын өздөрүн айыптап, Нариман Түлеев менен «Ак-Батага» мүмкүнчүлүк берилгенде, 3-4 жылда шаарды таптакыр башкача кылып өзгөртүп салмак экенин билдирди.

«Мага каршы кандай гана сындар айтылбасын, практика көрсөткөндөй, шаардын көйгөйлөрү менин катышуумсуз жана менин командамсыз чечилбейт. Менден кийин канча мэр болгон. Бирок бир дагы маселени чечкен эмес. Эч нерсе жакшы жакка өзгөргөн жок, тилекке каршы, бул келечекте дагы улана берет », — дейт Нариман Түлеев.

Шаар тургундары «Ак Батанын» программасына али даяр эмес деген тыянакка келген Түлеев бардык күчүн күздөгү парламенттик шайлоого жумшаарын кошумчалаган.

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турган жылдары коомдук транспорт көйгөйүн чечүү үчүн шаардык бюджеттен 1 миллион 400 миң долларга Кытайдын 200 автобус алып келген. Алардын көбү беш жылга жетпей жарактан чыгып, аз убакыт ичинде кейиштүү «автобустар мүрзөсүн» пайда кылган.

12 майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандыгы, добуш сатып алуу сыяктуу аракеттерге баргандыгы үчүн Нариман Түлеевдин «Ак-Бата» партиясын дагы шайлоодон четтеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты