Нариман Түлеев: «Биз күнөөлүү эмеспиз, үгүтчүлөрдүн айынан болду»

  • 3 года мурун

12 – май күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоону жокко чыгарган. Буга экс-мэрлерге таандык болгон «Эмгек», «Ак Бата», НДПК партияларынын шайлоо мыйзамдарын бузушу себеп болгон.


Ал эми «шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу менен короолорду, спорт аянтчаларын оңдоп-түзөп, элдин добушун сатып алууга аракет кылган, элге азык-түлүк баштыктарын тараткан» — деген кине менен добуштары жараксыз деп табылган «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу үгүтчүлөрү тарабынан кетирилген кемчиликтерди моюнга алаарын айткан.

«Бишкек шаарынын АШКсы «Ак Бата» партиясын дагы шайлоодон четтетти. Үгүтчүлөрүбүздүн аша чапкан аракетинен алардын ушундай рахматына кабылдык. Биз Бишкек АШКсынын бул чечимине макул эмеспиз, бирок сотко даттанбайбыз. «Ак Бата» партиясы жаңы шайлоого даяр. Катарыбызды таза эмес ыкмаларга ыктаган талапкерлерден арылтып, тазаланып анан барабыз»,- деп жазган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты