​Айзада Канатбекованы уурдагандардын үчөө — мурда соттолгондор

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшү боюнча соттук иш уланууда.


Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айыпталуучулар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетовдор СИЗО-1 абагынан сотко онлайн катышууда.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор айыптоо корутундусун окуп, ага ылайык бардык айыпталуучуларга “Адам уурдоо” беренеси менен айып тагылып жатканын билдирди.

Бир гана соттолуучу Орузбек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Айыпталуучу Замирбек Раманкулов күнөөсүн мойнуна алган жок. Калгандары өздөрүн жарым-жартылай күнөөлүү деп эсептешет.

Айыпталуучулардын үчөө: Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай 1-2 жолудан сот жообуна тартылышкан. Ал эми төртүнчү айыпталуучу Орузбек Нурумбетов кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кийин акталган.

Эске сала кетсек, 26 жаштагы Айзада Канатбекованы 5 –апрель күнү уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин шаардын четинен сөөгү табылган.

Милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча дагы кылмыш иши козголуп, УКМК тергөө жүргүзүүдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев орун басарлары менен, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Казакеев жана башка 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге түрдүү тартип жазалары берилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты