​​Мас абалында унаа айдагандарга 150 миң сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү

  • 3 года мурун

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пулдардын өлчөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Депутат Айбек Осмонов айып пул келген күндөн 15 күн эмес, 40 же 60 күн ичинде төлөсө, 50 пайыздык жеңилдик берилиши керек экенин айтты.

Ошондой эле ал мас абалында унаа айдагандарга карата катуу чара көрүүгө чакырып:

“2004 – 2014 – жылга чейин жол кырсыгынан 10 миң адам кайтыш болгон. Ичип алып унаа айдагандардын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгаргыла. Же айып пулду 150 миң сомго жеткиргиле”, — деди.

Айып пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча, парламенттин тармактык комитетинде маселе козголуп, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев майда-барат жол эрежелерин бузгандарга карата айып пулдардын суммасын 70 пайызга азайтуу каралып жактанын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты