​Айрым жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун өлчөмү 70 пайызга чейин кыскарат

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин отурумунда депутаттар «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдардын суммасын азайтуу маселесин карашты.


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, майда-барат жол эрежелерин бузгандарга карата айып пулдардын суммасын азайтуу пландалууда.

Мисалы, айып жеңилдиги ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашырган айдоочуларга, жол чырак алдындагы сызыкты тебелеп токтогондорго, айрым жол белгилерин жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга каралууда.

Нурбек Абдиев белгилегендей, эгерде айып документ келген күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, анда айып пулдардын өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, 1 миң сомдук айып пулдун ордуна 300 сом төлөнөт.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген күндөн тартып, бюджетке 1 млрд. 721 млн. 716 миң сом түшкөн. Эгер айып пулдун өлчөмү азайса, 367 млн сомго аз түшүп калышы мүмкүн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты