​Уюмдун кадыры үчүн Тажикстанды ЖККУдан чыгаруу керек

  • 3 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөр бул уюмдагы Тажикстандын мүчөлүгүн токтотушу керек экенин саясат таануучу Азамат Темиркулов «Борбор Азиянын чек ара коопсуздугун камсыздоодогу ЖККУнун ролу» аттуу конференцияда билдирди.


«Тажикстан Кыргызстанга каршы аскердик агрессия жасады. ЖККУ бул окуяга реакция кылышы керек. Ички чыр-чатактарды жөнгө салуу механизмдери уюмдун уставында көрсөтүлгөн. ЖККУнун мүчөсүнө кол салууга барган Тажикстандын уюмдагы мүчөлүгү токтотулушу керек. Эгерде ЖККУ Тажикстандын ушул демаршына унчукпай тим койсо, анда келечекте уюмдун кадыр-баркына доо кетет», — деди ал.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 29 — апрелинен 2 — майына чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын Баткен облусундагы жай тургундарына каршы оор аскердик курал менен кол салып, 36 адамдын өлүмүнө себепкер болгон.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тажикстандык тараптын аракеттерин аскердик агрессия катары баалап, «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.



Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты