​Башкы прокуратура: Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тажикстандык тараптын
аракеттерин аскердик агрессия катары баалап, «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси
менен кылмыш ишин козгогон.


«2021-жылдын 29-апрелинде, таңкы саат 04:40та Тажикстандын туруктуу аскерлери жана бандиттик кошуундары автоматтык курал, миномет, согуштук тик учак, брондолгон оор техника, артиллериялык экипаж жана башка курал менен Кыргызстандын жарандык калкына жүзү каралык менен кол салышты.


Тажикстан Бириккен Улуттар Уюмунун 1976-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын Уставынын талаптарын,

1991- жылдагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимди,

1991-жылдагы Алма-Ата декларациясын,

1994 –жылдагы КМШга мүчө мамлекеттердин чек араларынын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча Москва декларациясын жана 1996-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагына кол салган.

Тажикстандын куралдуу күч түзүмдөрү Кыргыз Республикасынын куралсыз жарандык калкына максаттуу кол салды. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап Лейлек жана Баткен райондорунун айрым калктуу конуштарынан жарандык калкты эвакуациялоо боюнча чараларды көргөн.

Ошондон кийин Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери жана бандиттик кошуундары бош калган кыргыз айылдарында мародерлук кылып, жергиликтүү калктын мүлкүн талап-тоноп, автоунаа, малдарын уурдап, Тажикстандын аймагына айдап кетишкен.

Алар кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн турак — жайларды жана башка тонолгон инфраструктуралык объектилерди массалык түрдө өрттөп салышкан. Натыйжада, жарандарга жана мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирилди.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун алгачкы сааттарында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы 24 карапайым жараныбыз массалык түрдө өлтүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн сактоо жана жарандардын өлүмүнө жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрү саны жагынан бир топ артыкчылыктуу болгон душмандардын чабуулун кайтаруу боюнча чараларды көрдү.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 36 жараны өлтүрүлүп, алардын үчөө аскер кызматкерлери, калгандары карапайым адамдар, анын ичинде эки жаш бала болгон. 180ден ашуун жаран жаракат алып, көпчүлүгүнүн абалы өтө оор. Чыр-чатак болгон аймактан 33 миңден ашуун жаран эвакуацияланган.

Жогорудагы фактылар боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2021-жылдын 29-апрелинде «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, материалдык далилдер жана видео тасмалар чогултулууда», деп жазылган Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты