УКМК: Тажикстандын куралдуу күчтөрү минамёт, замбиректер менен ата баштады

  • 3 года мурун

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын куралдуу күчтөрү минамёт, замбирек, автоматтар менен кыргыз тарапка ок чыгарып жатканын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ишин кординациялап, тажик чек арачыларынын чагымчылдыгынан келип чыккан курч абалды жөнгө салууда – дейт УКМК.

Кыргыз – тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал кечээ, 28 –апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп калышкан. Кечке маал эки тараптын жарандары бири – бирине таш ыргытышкан.

29-апрелде, эртең менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен ок атылган. Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты