15 партия Бишкек шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого катышаарын билдирди

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары шаардык кеңешке катышуу ниетин билдиришти.

Ошону менен учурда 15 партия ат салышууга даярданып турат. Буга чейин: “Замандаш”, “Кыргызстандын социал-демократтары”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Жаңы мезгил”, “Биздин эл”, “Ынтымак”, “Эмгек”, НДПК, “Жашылдар партиясы”, “Туран”, “Ата Журт — Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Келечек — Будущее” партиялары Бишкек АШКсына документтерин тапшырышты.

Документ тапшыруу 13 –июнда аяктайт. Шайлоонун үгүт иштери 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт.

Аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, Бишкек шаардык кеңешине жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты