​Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 25,81% шайлоочу добуш берди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 25,81% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы шайлооого 3 миллион 318 миң 130 добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирген. Анын 856 миң 404 шайлоочусу добуш берди. Шаардык кеңештерге 254 миң 732, айылдык кеңештерге 601 миң 672 шайлоочу добуш берди.

Эске салсак, бүгүн, 11-апрелде өлкө аймагында Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты