​Мухаммедкалый Абылгазиев жүрөгү ооруп, ооруканага жатты

  • 3 года мурун

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бикард» жеке клиникасына жаткырылды.


Ушул жылдын январь айынын акырында “мыйзамсыз баюу” беренеси менен шектелип, УКМКнын тергөө абагына жаткырылган экс-премьер министрдин коронавирус менен ооруп, кийин жүрөк, кан-тамыр системасында көйгөйлөр башталган.

“Кумтөр” иши боюнча дагы Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш иши козголуп, ал премьер-министр кезинде “Кумтөр Голд Компаниге” геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча жер тилкелерин берген жарлыкка кол койгону боюнча дагы иши тергелүүдө.

Натыйжада кендин жалпы аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн жана бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймактар кошо берилген.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы апрелде премьер-министр болуп дайындалып, радиожыштык чырынан кийин, 2020-жылы июнь айында премьер-министрлик кызматынан отставкага кеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты