Жаңы Өкмөт башчы —Мухаммедкалый Абылгазиев

Жаңы Өкмөт башчы —Мухаммедкалый Абылгазиев

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, «макул» деп добуш беришти. Жаңы курамдын программасы «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп аталат.

Эми жаңы өкмөт башчы –Мухаммедкалый Абылгазиев болду. Эскерте кетсек, буга чейин ал Абулгазиев болуп келсе, жаңы алмаштырган паспортунда Абылгазиев деп туурасы жазылган. 

Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Анын буга чейин мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, башка мамлекеттик органдар менен алака түзө алат, биринчи вице-премьерлик кызматта Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде да иштеп келген.

Биздин редакция буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев премьер болушу ыктымал деп жазган элек.

“Эмки премьер-министр Президент Сооронбай Жээнбековдун көздөй кишиси болушу керек жана түндүк-түштүк тандемине да туура келиш керек.
Биздин ишенимдүү булактарыбыздын айтуусунда, мындай адам бар. Ал президенттик аппараттын башчысы—Мухаммедкалый Абулгазиев. Фарид Ниязов аппарат башчылыгынан кеткенден кийин аны президент аппарат жетекчиси кылып дайындаган.
Сооронбай Жээнбековдун көздөй кишиси. Жээнбеков премьер-министр кезинде биринчи вице-премьер болуп иштеген. Мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар. Абылгазиевдин талапкерлиги эки тең жээкти тең канааттандырат. Сапар Исаковдой эле анын да кичи Мекени Кочкор жергеси” деп жазган элек.

Жаңы өкмөт курамы мындай болду:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов;

Каржы министри – Адылбек Касымалиев;

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева:

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов;

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов;

Байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты