​Улуттук энерго холдингдин башчысы: Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап калышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Кыргызстандын энергетикалык системасы өтө кейиштүү абалда экенин Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.


“Эгерде кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн», — дейт башкы энергетик.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы кырдаал оор деп бааланууда. Бул “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмүнун аздыгы, ички керектөөнүн өсүүсү, көмөкчү чордондорго күч келип жатканы жана жабдуулардын канааттандыраарлык эмес, эски абалы менен байланыштуу.

«Узакка созулган социалдык-экономикалык кризиске кабылышыбыз мүмкүн. Бул тармактагы акыркы жылдары жүргүзулгөн экономикалык жөнгө салуу саясаты кырдаалды ого бетер курчутту. Суу-энергетикалык чөйрөсү оор абалда. Токтогул ГЭСи экстремалдык режимде иштеп жатат», — деди Бакыт Сыдыков.

Эске сала кетсек, «Электр станциялары» ААКынын башкы директору Таалайбек Бектенов апрель айынын акырында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу чекке жеткенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы баа саясатын сунуштап, жалпы колдонуучулар үчүн тариф 1 сом 48 тыйынга кымбаттаттуу каралган. Электр энергиясына болгон баа саясаты коомдук талкууга коюлуп, акыркы чечим 2021-жылдын август айында кабыл алынаарын Энергетика жана өнөр — жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты