Электр энергиясына жаңы баалар сунушталды. Акыркы чечим августта кабыл алынат
- 3 года мурун
Электр энергиясына болгон баа саясаты коомдук талкууга коюлуп, акыркы чечим 2021-жылдын август айында кабыл алынат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр — жай министри Кубанычбек Турдубаев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.
«Бүгүнкү тарифтер боюнча демилгелер элдин талкуусуна коюлат. Ошондон кийин гана долбоорду бекитүү үчүн өкмөткө жиберебиз» — деди.
Жаңы сунушталып жаткан электр энергиясына болгон баалар (кВт-саатына):
Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн – 1 сом 4 тыйын. Чектөөлөр алынат.
Өнөр-жай ишканлары үчүн 2 сом 38 тыйын, коомдук транспорт үчүн – 1 сом 68 тыйын, алтын иштетүүчү жана майнинг компаниялар үчүн – 4 сом 76 тыйын. Калган колдонуучулар үчүн 1 сом 48 тыйын. 1000 кВт. сааттан өткөрүп ийгендер 2 сом 29 тыйындан төлөшөт.
Ал эми социалдык жөлөк пул алган жакыр үй бүлөлөр 74 тыйындан төлөшөт.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров электр энрегиясына болгон тарифтерди кымбаттаттууну сунуштаган.
Сүрөт kabar.kg агенттигиники