​Маданият жана маалымат министрлиги «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга каршы

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият жана маалымат министринин орун басары Ильязбек Балташев «Маалыматтарды манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга каршы экенин билдирди.


Анын айтымында, мамлекеттик органдарда интернеттеги фейк маалыматтарды аныктоочу атайын каражаттар жана адистер жок.

«Маалыматты көзөмөлдөө үчүн кесипкөй кадрларды тартуу жана шаймандарды сатып алуу керек. Бирок буга эч кандай бюджет каралган эмес. Ошондуктан, учурда бул демилгени ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок деп эсептейбиз », — деди Ильязбек Балташев.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2021-жылдын 31-майында “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамын кайрадан кароо чечимин кабыл алган.

Бул мыйзам долбоору былтыр ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновалар тарабынан демилгеленип, коомчулуктун кескин сынына кабылган. Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамды 2020-жылдын 3 — августунда кайра кароого жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты