​“Маалыматты манипуляциялоо” мыйзам долбоору кайра каралат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2021-жылдын 31-майында “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамын кайрадан кароодо. Буга чейин бул мыйзам долбоору Президенттин каршылыгы менен артка кайтарылган.


Жогорку Кеңештин мааалыматына ылайык, комитет отурумуна Жоргоку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова чакырылышкан.

Мыйзам долбоору боюнча баяндамачы катары КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев дайындалган.

Жогоруда айтылган комитеттин отурумунда мыйзам долбоордун макуулдашылган версиясын иштеп чыгуу үчүн Президенттин өкүдү, мамлекеттик органдар жана министрлер кирген топ түзүлдү.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева бул мыйзам адамдардын Интернеттеги укуктарын коргоого багытталганын айткан:

“Бул мыйзам фейк-аккаунттарды жабуу үчүн эле багытталган. Өзүңөрдүн атыңар менен катталып, каалаганыңарды критикалагыла. Муну менен жарандардын Конституциялык укуктары чектелбейт. Коомду тазалоо биздин милдет”, — деп билдирген Гүлшат Асылбаева.

Долбоордо эмнелер каралган?

Долбоорго ылайык, бул мыйзам жарандарды интернетте жалган же тастыкталбаган маалыматтан сакташ керек. Интернет сайттын ээлери же башкаруучулары, мыйзамдын 4-беренесине ылайык, сайтта жайгашкан жалган маалыматтын жайылуусуна жол беребеши керек, мындай учур катталганда дароо ал маалыматтын жайылуусун чектеши керек. Эгер бул талаптар аткарылбаса, сайттын ээси же башкаруучусу мыйзам чегинде жоопко тартылмак. Мыйзамдын аткарылышы Маданият министрлигине жүктөлмөк.

Мыйзамдын 7-беренеси Интернет-провайдерлер абоненттердин Интернет аркылуу жиберген аудио-; видео-; сүрөт жана жөнөкөй каттарды жарым жыл сактоого милдеттендирет. Ошондой эле, Интернет-провайдерлер бул маалыматтарды соттук жана тергөө жүргүзүү органдарына бериши керек жана Кыргыз Республикасында жайылтууга тыюу салынган маалыматтарга чектөө киргизүүсү керек.

Бирок, жогоруда айтылган шарттарды ишке ашыруу механизмин иштеп чыгуусу Өкмөткө жүктөлгөн.

Мамлекет мыйзамды ишке ашырууга даяр эмес

Мыйзамдын авторлордун айтуусу боюнча, мыйзамдын аткарылышына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жооптуу болмок. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат департаменти бул мыйзамды аткарууга ресурстар жок экендигин бизге билдиришти.

Маалымат департаментинин жетекчиси Салкын Сарногоева бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Мыйзам долбоорунда мыйзамды аткаруу Өкмөт тарабынан бекитилген мамлекеттик органга жүктөлмөк, бирок мыйзам авторлору маданият министрлигине жүктөп коюшкан. Бирок бул туура эмес, балким Өкмөт башка органды дайындап коет. Мындан сырткары, мыйзамды аткарууга адамдык, технологиялык жана каржылык ресурстар жок”, — деди Маалымат департаментинин башчысы Салкын Сарногоева.

Мындан сырткары, Маалымат департаментинин башчысы мыйзамды иштетүү механизмдери так аныкталбагандыгын билдирди.

Бул мыйзамга коомчулук кескин каршы чыккан

Бул мыйзам коомчулукта терс пикир жараткан. Юристтер, медиаэксперттер жана жөнөкөй жарандар бул мыйзамды цензура киргизүү аракети катары кабыл алышкан. Юристтер бул мыйзамды Интернетте цензура киргизүү аракети деп баалашкан. Ошондой эле, жөнөкөй жарандар бул мыйзамга каршы бир канча каршылык акциясына чыгышкан. Бул акцияда жарандар бийлик интернетте цензура киргизгиси келип жатат деген оюн билдиришкен.
















#REАкция3.0 акциясынан сүрөт. Булак: “Азаттык”


#REАкция 3.0 Акциясынын катышуучусу Улан Усөйүндүн айтымында, бул мызам долбоору Интернеттеги сөз эркиндигин ооздуктоодогу куралга айланышы мүмкүн экендигин айткан:

“Азыр фейк аккаунт менен фейк маалыматка эч ким ишенбейт жана аларды айырмалай алат. Анткени ар бир адамга Интернет жеткиликтүү болуп калды. Ошондуктан азыр мындай мыйзам кереги жок”, — деди Улан Үсөйүн.

Мыйзам долбоорун Президент артка кайтарган


Бул мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңеште каралган. Алардын демилгечилери “Өнүгүү-Прогресс” фрациясынын депутаты Гүлшат Асылбаева жана КСДП фракциясынын мүчөсү Айнура Осмонова болушкан. Анда бул мыйзам долбоору 2020-жылдын 25-июнунда 89 депутаттын 79у колдоп, кабыл алынган. Бирок ал учурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жылдын 3-августунда артка кайтарылган.

Медиакоомчулук бул мыйзамды Конституциялык укуктарды чектөө деп баалады

“Интерньюс” өзүнүн Инстаграм баракчасында жарыялаган билдирүүдө медиакоомчулук бул мыйзамдын каралышына бир канча себептерден улам каршы экени айтылган. Ал билдирүүдө бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин алтынчы эмес, жетинчи чакырылышы караш керек, анткени азыркы чакырылыш мыйзам чыгаруу процедураларын бузуу менен өзүн дискредитациялаган. Ошондой эле бул мыйзам долбоору маалымат тараткан адамды жана маалымат жайгашкан сайттын ээсин соттун чечими жок эле кармоого уруксат берет, бул мыйзам тандалма түрдө иштеп, социалдык тармактардагы контентти мамлекпеттик органдар көзөмөлдөй тургандыгы кооптонуу жаратары билдирүүдө айтылган.

Муну менен бирге, медиакоомчулук Facebook, Instagram сыяктуу социалдык тармактардын жалган маалыматты жайылтпоо үчүн өзүлөрүнүн саясаты бар экендиги жана Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан таратууга тыюу салынган маалыматтарды таратпоо үчүн укуктук база жана ресурстар жетиштүү экендиги белгиленет. Муну менен чогу, Кыргызстан Эл аралык жарандык жана саясий укутар боюнча келишимге кошулгандыгы кошумчаланат. Ал келишимге ылайык, сөз эркиндиги улуттук коопсуздук; коомдук тартип; элдин ден соолугуна каршы келген учурлардан сырткары чектелбеши керек.

Бул себептерден “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамы сөз эркиндигин чектөө менен Конституцияга жана Эл аралык жарандык жана саясий укуктарды коргоо келишимдерге каршы келерин медиакоомчулук өкүлдөрү билдирген.

Орусиянын мыйзамына окшош

Factcheck.kg порталы бул мыйзам Орусиянын “Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо” мыйзамына 64% окшош экендигин, башкача айтканда плагиат экендигин аныктаган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 2016-жылы Ирина Яровая жан

а Виктор Озеров негизги демилгечилери болгон мыйзам долбоорлордун топтомун кабыл алышкан. Бул мыйзамдар Орусияда “Пакет Яровой” деп белгилүү. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, Орусиянын байланыш операторлору абонентердин сүйлөшүүлөрүн жана Интернет аркылуу жүргүзгөн байланыштарын алты айдан үч жылга чейин сактоону милдеттендирген. Кыргызстанда сунушталгандай эле, Орусиянын мыйзамы операторлорду жана интернет-провайдерлерди мамлекеттик органдардын биринчи талабы менен берүүсүн милдеттендирген.

Бул мыйзамдарга каршы Орусиянын аймагында көптөгөн каршылык акциялары жана митингдер уюштурулган.

Эң азынан миллиарддар кетиши мүмкүн

Бул мыйзам кабыл алынса, аны ишке ашыруу үчүн канча каражат кетери белгисиз. Бирок, Орусияда “Пакет Яровой” мыйзамдарын ишке ашырууга, адистердин алдын ала саноосуна ылайык, 156 миллиард доллар же 10 триллиондон ашык рубль кетери айтылган. Бул тууралуу “Коммерсантъ” жазган. Орусиялык адистердин айтымында, Орусиянын байланыш операторлоруна HHD форматындагы 10 ТБ көлөмдүү маалымат топтогучтардан 40,6 млн даана жана SSD форматындагы 1,6 ТБ маалымат топтогучтардан 30,5 млн даана керектелери белгиленген. Мындан сырткары 500 миңден ашык ар кандай техникалык каражаттар керек экендиги айтылат.

Албетте, биздин өлкөгө мынчалык каражат кетпейт. Бирок каражат сарпталары анык. Мындан сырткары байланыш баасы өсүшү толук мүмкүн. Мисалы, ошол эле Орусияда байланыш баасы, көрсөтүлгөн кызматтарга ылайык, 90%га чейин көтөрүлөрү айтылган.

Бир катар мамлекеттерде мындай мыйзамдар артка кайтарылган


Европа биримдигинин аймагында 2006-2014-жылдары Маалыматты сактоо директивасы иштеп турган. Ага ылайык, маалымат алты ай сакталышы керек болчу. Бирок 2014-жылы Европа соту аны жокко чыгарган.

Улуу Британиянын парламенти 2014-жылы операторлорду маалыматтарды сактоого милдеттендирген “Data Retention and Investigatory Powers Act 2014” документин кабыл алган. Бирок, Лондондун жогорку соту жана Европа соту ал документти жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты