Президент Жапаров жаңы Конституцияга кол койду
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.
Ошондой эле Мамлекет башчысы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
БШК 11-апрелдеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады. Конституция долбоорун референдум катышуучуларынын79,32%ы колдоду деп билдирди.
Муну бөлүшүү