​Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды

  • 3 года мурун

1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылды.


Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек 29-апрелде эртең менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-173, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы Азазбек Бактияров экенин билдирди.

1-майда саат 18:30га карата маалыматта айтылгандай, жаракат алган 173 адамдын 31и аскерлер, бирөө медициналык кызматкер жана 131и жөнөкөй тургундар. Калган 10 киши тууралуу маалымат такталып жатат.

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облус өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты