​Лейлектеги Интернационал айылынын башчысын уурдап кетишти

  • 3 года мурун

Бүгүн
эртең менен Лейлек районундагы Интернационал айылынын башчысы Мырзабек
Жумабаевдин уурдалганы айтылды.


Бул айылдын тургундары толугу менен
эвакуацияланышкан. Айылдагы өрттөлгөн эки үйдө каза болгон эки айылдашынын
денесин алып кеткени барган айыл башчыны барымтага алып, Тажикстанды көздөй
алып кетишкен.

Бул
маалыматты Баткен облустук ички иштер
башкармалыгы тастыктады.

Бүгүн түнү эки өлкө жетекчилиги ок атышпоо
тууралуу документке кол койгонуна карабастан тажикстандыктар Лейлек районундагы
бош калган кыргыз айылдарын өрттөп, мародерчулук кылып кетишкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты