​Абалды жөнгө салуу боюнча кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү биргелешкен билдирүү таратышты

  • 3 года мурун

29-апрелден 30уна караган түнү Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү тажиктердин Исфара шаарында жолугушуу өткөрүп, биргелешкен билдирүү таратышты.


Жолугушууга Кыргызстан тараптан Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев, тажиктерден УКМК башчысы Саймумин Ятимов катышкан.

Эки тарап 29 – апрелде орун алган эки өлкө ортосундагы куралдуу кагылышуунун себептери менен кесепеттерин талкуулашып:

— куралдуу кагылышты токтотуу;

— эки тарап тең аскерлерин жана аскердик техникаларын мурда жайгашкан жерине алып кетүү;

— чыңалууну басаңдатуу жана абалды курчутпоо үчүн чара көрүү, биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашуу документине кол коюшту.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек ара чатагы 28-апрель күнү тажик тарап Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына өз алдынча видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматынын жана жергиликтүү тургандарынын камераларды алып салуу тууралуу талабына тажик тараптан терс жооп болуп, натыйжада кыргыз жана тажик жарандарынын кайым айтышуусу бири – бирин таш менен ургулоого өткөн.

29 –апрель күнү таңга маал 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүккө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы жактагы жолдон өткөн кыргыз унааларына таш ыргытыла баштаган. Ошол жерде 30 жаштагы кыргыз жаранына ок тийип, ооруканага жеткирилген.

Түштөн кийин абал курчуп, УКМК тараткан маалымат боюнча саат экилерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын көздөй чабуулга өтүп, минамёт, пулемёт, автоматтар менен жапырт аткылоону башташкан.

Бирок Тажикстандын Чек ара кызматы түшкү саат бирлерде кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, бир жараны жабыркаганын билдиришкен.

Кечке маал 4.30дарда кырдаал курчуп, кыргызстандык 11 жаран жарат алып, 7исине ок тийген.

Кечки 7лерде Тажикстандын тик учактары Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө учуп жүргөнү байкалган. Көп өтпөй «Төрт -Күл»чек ара тозоту өрттөнгөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча тажикстандык аскерлер Кыргызстандын «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна, «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине жапырт ок атышкан. «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнүп кеткен. Буга жооп кылып, Кыргызстандын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын даярдыктагы аскерлери Тажикстандын “Кожо — Али” чек ара тозотун ээлеп алганы айтылган.

Кечки 8дерге жакын кыргыз аскерлери Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын толугу менен ээлеп, кайтарып алган.

Кыргызстан менен Тажикстан саат 20:00дөн баштап ок атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашкан.

29-апрелдеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан 94 адам жабыркап, 3 адам көз жумганы белгилүү болду. Арасында 12 жаштагы секелек кыз дагы бөөдө өлүмгө дуушар болду.

Түнкү 12ден өткөндөн кийин Лейлек районундагы Максат айылына тажик жарандары кол салып, бир нече үйлөрдү, аскердик бөлүктү, дүкөндү талап-тоноп, өрттөп кетишкени кабарланды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты