​Чек ара чырынан үч кыргызстандык каза болду

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек ара чырынан үч кыргызстандык каза болду. 84 киши жабыркады.


Каза болгондордун бирөө Лейлектен, 2008-жылы төрөлгөн кыз. Ал Баткен шаарындагы ооруканага бара
жаткан жолдо үзүлгөнү маалым болду. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз
октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады.

Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм кыз октон алган жараатынан көз жумганын бышыктады.

28 — апрелде түшкү саат 11.30дарда Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү станциясынын жанындагы электр мамыларына тажик тарап видео көзөмөл камераларын орното баштаган.

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, 29-апрелде куралдуу кармашка өткөн. Буга чейин кыргыз-тажик чек ара чатагынан 31 адам жабыркап, 1 адам көз жумганы маалым болгон.

Кыргызстан менен Тажикстан 29-апрелде саат 20:00дөн баштап ок атышууну токтотуп, аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү жөнүндө макулдашты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты