​Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды

  • 3 года мурун

Учурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев «иштебей эс алып жатат» — деп иштен алган Нурболот Үсөнбаев Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын республикалык борборунун башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Мындан бир апта мурун, 22-апрелде Алымкадыр Бейшеналиевдин дагы бир мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Фтизиатрия улуттук борборунун башчылыгына дайындалган.

Саламаттыкты сактоо жана өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан бир ай мурун «мен күнү-түнү иштеп жүрсөм, орун басарларым эс алып жүрүштү. Мындай кызматкерлердин кереги жок»- деп Каратаев баш болгон орун басарларын кызматтан кетирген.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты