Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды

Жаңылыктар

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин

Каратаев Фтизиатрия улуттук борборунун башчылыгына дайындалды.

Аны 22-апрель күнү

министр Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка өзү тааныштырды.

Саламаттыкты сактоо жана өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан

бир ай мурун «мен күнү-түнү иштеп жүрсөм, орун басарларым эс алып жүрүштү.

Мындай жумушчулардын кереги жок»- деп Каратаев баш болгон орун басарларын

кызматтан кетирген.

Фото: Интернеттен алынды