​«Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга берилбейт

  • 3 года мурун

Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун аймагында жайгашкан «Кемпир-Абад» суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг баштаган жергиликтүү элге 25 — апрель күнү УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолугуп, «Кемпир-Абад» суу сактагычы Өзбекстанга берилбей тургандыгын жарыя кылды.


— Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы эң башкы талап. «Кемпир-Абадды» бербегиле дедиңерби, демек бербейбиз – деди.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын төрагасы катары Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып келгенден кийин, эки өлкө ортосундагы баардык талаштуу маселелер чечилгендигин айткан. Жаңы түзүлгөн проткол боюнча Кыргызстан Өзбекстанга «Кемпир-Абад» суу сактагычын жана жанындагы 50 гектар жерди берип, ордуна 1000 гектар жер аларыбыз айтылган.

Бирок Өзгөн жана Кара-Суу районунун жашоочулары мындай чечимге каршы экендигин билдирип, нааразычылык акцияларын башташкан.

Сүрөт 24.kg интернет булагынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты