Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт

  • 3 года мурун

25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында белгилүү журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулунун «Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары» аттуу эскерүү кечеси өтөт.

Белгилүү журналист, «Асаба», «Агым» гезиттеринде аты чыккан, «Агым», «Баягы Асаба» гезиттеринин башкы редактору Эрнис Асек уулу 2020-жылы 29-январда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Эрнис Асек уулу айтылуу “Асаба” гезитинде иштеп, «Агым», «Баягы Асаба» гезиттеринин башкы редактору болуп, бийликтин оош-кыйыштуу жактарын тайманбай ашкерелеп турган чыгаан журналисттердин бири эле. Кийинчерээк ал “Де-факто” жана башка басылмаларда иштеген, ыр жазуу, котормочулук менен алектенип жүргөн.

Эрнис Асек уулу — айтылуу “Асаба”, «Агым» гезиттеринин уюштуруучусу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси.

Эрнис Асек уулу 1970-жылы 13-июнда туулган.

Сүрөт: Кече уюштуруучулары тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты