​Эрнис Асек уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

  • 4 года мурун

Белгилүү журналист, «Асаба», «Агым» гезиттеринде аты чыккан, «Агым», «Баягы Асаба» гезиттеринин башкы редактору Эрнис Асек уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, Эрнис Асек уулунун бүгүн, 29-январда, ооруканада жүрөгү токтоп калган.

Ал айтылуу “Асаба” гезитинде, «Агым», «Баягы Асаба» гезиттеринин башкы редактору болуп, бийликтин оош-кыйыштуу жактарын тайманбай жарыялап турган чыгаан журналисттердин бири эле. Кийинчерээк ал “Де-факто” жана башка басылмаларда иштеген, ыр жазуу, котормочулук менен алектенип жүргөн.

Эрнис Асек уулу — айтылуу “Асаба”, «Агым» гезиттеринин уюштуруучусу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси.

Эрнис Асек уулу 1970-жылы 13-июнда туулган.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө, өмүрлүк жубайы, журналист Назира Саалиевага терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Сүрөттө: Эрнис Асек уулу. Асыран Айдаралиев тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты