​Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду актады (ВИДЕО)

Бүгүн, 13-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту «АтаМекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жана өзгөчө кырдаалдар экс-министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды толугу менен актоо тууралуу өкүм чыгарды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго коюлган айыптоолорунан баш тартаарын билдиришкен. Прокурорлордун бул кадамы күтүүсүз болгонун билдирген Өмүрбек Текебаев келтирилген материалдык жана моралдык чыгымдары үчүн мамлекеттен компенсация доолабай турганын жар салды.

«Мыйзам боюнча биз толугу менен реабилитацияланышыбыз керек. Материалдык чыгымдарыбыз бир нече миллион сомго жетет. Мен ал акчадан мамлекеттин пайдасына баш тарттым» — деди.

Ошондой эле саясатчы Жогорку Кенештин депутаттык мандатын кайтаруу боюнча сотко кайрылаарын да кошумчалады.

«Коррупция» беренеси менен 2017-жылы 8 жылга соттолушкан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу 2019-жылы кайрадан териштирүүгө жиберилген.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты