Мамлекеттик айыптоо Текебаев менен Чотоновго карата оюн өзгөрттү

  • 3 года мурун

«Коррупция» беренеси менен 2017-жылы 8 жылга соттолушкан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу 2019-жылы кайрадан териштирүүгө жиберилген.

Биринчи май райондук сотунда уланып жаткан 14-апрелдеги кезектеги соттук отурумда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата коюлган айыптардан прокуратура баш тартты.

Бул жаңылык көбүнө, Өмүрбек Текебаевдин өзү үчүн дагы күтүүсүз болгон экен.

«Прокуратуранын репрессиялык гана мүнөздөгү ишине көнүп калган биз үчүн бул өтө күтүүсүз болду. Адатта алар адамдын күнөөсүздүгүнүн далилдери, аргументтери келтирилип жатса дагы, соттолушун гана талап кылып туруп алышат эмеспи. Бул жалгыз учур болбойт деп үмүт кылалы» — деди.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты