​Жергиликтүү кеңешке шайлоочулар тизмеси 9-апрелге чейин шайлоо участогунда илинет

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын соңку тизмесин, референдум катышуучуларынын тизмесин шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталында — https://tizme.gov.kg/ жайгаштырды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

1-апрелге карата биротоло тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны 3 606 201 адамды түзөт, анын ичинде 1 725 849у – эркек, 1 880 352и – аял же 47,86% жана 52,14%.

1-апрелге карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 318 130 адамды түзөт, анын ичинде 1 587598и – эркектер, 1 730532и – аялдар же тийиштүүлүгүнө жараша 47,85% жана 52,15%.

Референдумдун катышуучуларынын тизмеси 2483 шайлоо участогунда илинди.

9-апрелге чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелери 2273 шайлоо участогунда илинет.

Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду (номурун жана дарегин) төмөнкүдөй тактап аласыз:

  • шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталында — https://tizme.gov.kg/;
  • 1255 номуруна чалып (чалуу акысыз);
  • паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же СМС жөнөтүү менен (чалуу жана СМС акысыз), ошентип, Сиз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Бул өнөктүк менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да болот. Добушканаларда шайлоо жана референдум үчүн деп эки башка үкөк коюлуп, шайлоочуларга экиден бюллетень берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты