​Конституция жөнүндө мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2021-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, референдум жекшемби күнгө, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору референдумга чыгарылат

11-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Конституци долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Мыйзам долбоору регламентти, процедураларды бузуу менен кабыл алынып жатканы белгиленди. Кечээки жыйында Депутаттар Дастан Бекешев Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Евгения Строкова референдум боюнча мыйзам долбоору 2-3 -окууда мыйзам бузуу менен алынып жатканын айтышты.

Ал эми аталган мыйзам долбоорунун биринчи окуусунда 9 депутат каршы добуш берген. Алар — Жанар Акаев. Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Евгения Строкова, Чынара Урумкалиева.

11-апрелде жерггиликтүү кеңештерге шайлоо да өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты