Референдум боюнча мыйзам долбоору: Камактагы депутат да добуш берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Конституция долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун 2-3 окууда Катышкан 100 депутаттын 94ү макул, алты депутат каршы болду.

Каршы добуш бергендер: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бакыт Жетигенов, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко жана Чынара Урумкалиева.

ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Депутаттар добуш топтоого катуу киришкенби, айтор УКМК убактылуу абак жайына эки айга камалган депутат Дүйшөнкул Төрөкулов да добуш берүүгө катышып, мыйзам долбоорун колдоду.

Дүйшөн Төрөкулов 15-январда коррупцияга шектелип, эки айга камалган. Мөөнөтү 15-мартта аяктамак. Өзүнүн айтымында, аны кечээ үй камагына чыгарышкан.

Кечээ аталган мыйзам долбоору 2-3 окууда каралып, жыйын талаш-тартыштар менен коштолгон.

Мыйзам долбоору регламентти, процедураларды бузуу менен кабыл алынып жатканы белгиленди. Кечээки жыйында Депутаттар Дастан Бекешев Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Евгения Строкова референдум боюнча мыйзам долбоору 2-3 -окууда мыйзам бузуу менен алынып жатканын айтышты.

Ал эми аталган мыйзам долбоорунун биринчи окуусунда 9 депутат каршы добуш берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты