Жогорку Кеңеш референдум тууралуу мыйзам долбоорун 2-3 окууда карады

Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында референдум тууралуу мыйзам долбоору 2-3 окууда каралды.

Депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун 2-3 окууда күн тартибине киргизүү регламентти бузууу менен кабыл алынганын айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинен Канат Керезбеков чыгып сүйлөдү.

Депутат Дастан Бекешев бул Конституция долбоорун колдоого болбой турганын белгиледи:

— Бул Конституция долбоорун колдоого болбойт. Узурпацияга алып келген Конституцияны сунуштап жатышат. Конституциялык кеңешме да сунуштарын көбүнчө киргизген эмес. Долбоордо башкы прокурор мыйзам долбоорун сунуштайт деп жазылып турат. Мындай кайсы мамлекетте бар? Мамлекет жана анын органдары коомго кызмат кылат, анын бөлүгүнө да кызмат кылса болот экен. Президент аткаруу бийлигин да жетектейт, — деди Бекешев.

Бекешевдин пикиринче, Конституция долбоорун колдобош керек, комитеттин чечими жок, процедуралар одоно бузулган.

Депутат Алмазбек Токторов айрым депутатттар Конституция долбооруна эмне себептен каршы болуп жатканын, анда каршы деген да графа бар, добуш берүүдө чечилерин, партиялар өзүн дискредитация кылганын белгиледи.

Депутат Жанарбек Акаев Баш мыйзам долбоору боюнча референдум долбоору регламентти одоно бузуу менен алынып жатканын дагы бир жолу белгиледи. Баш мыйзам долбоорун жактап жаткандар оппонентин каралоо менен эмес, аргументтер менен жооп берүү керектигин айтты. Мурда аткаруу бийлиги өкмөткө берилгендигин эскертип кетти.

Рыскелди Момбеков комитеттин чечимине кайсы депутаттар кол койгонуна кызыкты. Бирок комиети чечими жыйында көрсөтүлгүн жок.

Депутат Алмазбек Токторов долбоорду кабыл алууну элге коелу деген сунушун билдирди.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Конституция жок өлкөлөр да бар экенин, алар өнүгүп эле жатканын, Конституция жандуу организм экенин айтты. Жалгыз Президент Жогорку Кеңешсиз башкара албай турганын эскертти. Бийликти бөлүштүрүү теориясын билебиз, Кыргызстандагы шартты билиш керек, узурпатор деп жатасыңар деп сындады.

Партияларга эмнеге бай кишилерди депутат кылгандарын сурайлы деди. Социалдык тең мамлекет түзгөнгө аракет кылып жатабыз деди.

Депутат Дастан Бекешев бул жердеги депутаттардын баары бай экенин, баалар өсүп, эл кыйналып жатканын айтып Конституция долбоору өтө турганын да кошумчалады. «Умбеталы Кыдыралиев, сизден суранышты, сиздин акчаңыз бар деди. Биз Конституцияны карап олтурабыз.

Депутат Рыскелди Момбеков айласы кеткенде «талкуусу жок эле добуш берели, талкууга чек коюп койгула» деп сунуштады. Сунуш добушка коюлуп, талкууга чек коюлду.

Депутат Бакыт Төрөбаев башкы прокурорго Конституциянын долбоору, мыйзамдуулук боюнча, баш прокуратура мыйзам сунуштайт деген берене боюнча оюн айтууну суранды.

Баш прокурор Курманкул Зулушев Баш мыйзамдын максаты башкаруу бийлигин өзгөртүү болгонун белгиледи. Баш прокуратурага, Жогорку сотко мыйзам демилгелөө укугу берилгенине ыраазылык билдирди. Алар мыйзам демилгелесе, кайра эле парламент кароосуна келээрин айтты. Сунушталган Баш мыйзам долбоорун колдоорун айтты. Колунан келишинче Баш мыйзам долбоору жазылганын, кабыл алынса, жамандыгы болбосун айтты. Талаш туудурганы жакшы, толукталат деп кошучалады.

Депутат Төрөбаев парламенттик бийлик иштебей калганын, жаңы Конституция долбоорунда Президент жеке жоопкерчилик алганын белгиледи. Бул Конституция иштебесе, эл нааразы болуп чыгаарын белгиледи.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституция кабыл алууда талкуу кеңири болгонун, бул жаңы мыйзам, референдум жолу менен кетиш керек, референдумда эл макул десе, кабыл алынарын айтты.

Депутат Жанарбек Акаевдин айтуусунда, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев да жакшы максатта экенин, эл да бийликке мүмкүнчүлүктү бергенин, бийликке келип-келбей жаткан кишиге мөөнөтүн узартып берип жатканын айтты. Анын ишин көрө электе эле мөөнөтүн узартып жатабыз. Баш мыйзамда Президенттин жоопкерчилиги жазылган эмес.

Депутат Евгения Строкова көпчүлүк депутаттар референдум тууралуу коркконунан кабыл алып жатканын, Президенттин жоопкерчилиги каралбай калганын айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты