Депутат Бактыбек Райымкулов 8-марттагы жүрүштү «гейлердин парады» деп атады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов 8-марттагы жүрүшүн «гейлердин парады» деп атады.

Анын айтымында, быйыл, былтыр да, 8-мартта Бишкекте андай жүрүш, «гейлердин паралы» өттү эле, эми Ошко да жетти. Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн НПОлорду көзөмөлдөш керек. НПОлор тууралуу мыйзам долбоорун палатага алып чыгыш керек. Антпесек кыргыздын улуттук баалуулуктарын улутттук кызыкчылыгын жок кылууда» деди Бактыбек Райымкулов жалпы жыйында.

8-мартта Бишкекте аялдардын укугуна арналган жөө жүрүш өткөн.

Депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдардын кирешелерин жана чыгашаларын ачыктоо боюнча мыйзам долбоорунын демилгечилеринен болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты