Бишкекте аялдардын укугуна арналган жөө жүрүш өтүүдө

Жаңылыктар

Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүш уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучулары Ак үй тараптан баштап, Уркуя Салиеванын эстелигин карай бара жатышат.

Алар "Аял бактылуу болууга акылуу!", "Аял бактысы - татыктуу эмгек акысы", "Аял бактысы бул саясатка бирдей катышуу" , "Аял бактысы бул сапаттуу билим", "Аял бактысы бул коопсуз шаар", "Аял бактысы бул коопсуз үй-бүлө" , "Аял бактысы- тынч жыйналыш". "Аял бактысы- сөз эркиндиги", "Аял бактысы- ой эркиндиги" жана башка ураандарды чакырып келишти.

Маршка 500 гө жакын киши катышып жатат.



Сүрөт: Чолпонбек Сабырбек уулу / ПолитКлиника.