Президент жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, борбор шаардагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана жер алдындагы деңгээлден турат.

Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашуун соода орду каралган. Ар бир блокто аянттар соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт.

Ишкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жылдын бардык мезгилинде үзгүлтүксүз соода жүргүзүүгө шарт түзгөн башка зарыл шарттар каралган.

Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин толук аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, учурда борбор шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ош базары жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Бошогон аймакта эс алуу үчүн заманбап жашыл зона түзүү каралган.

Мындан тышкары, жаңы автобекет менен Ош базары пайдаланууга берилгенден кийин, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен коомдук транспорт каттамдары кайра каралып чыгат.

Президент жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты