​Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

  • 3 года мурун

Ар кыл экономикалык долбоорлор үчүн Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт.

Бул тууралуу 9-мартта Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында депутаттар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимдин ратификациясын жактырышты.

Макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга каражат бөлөт, фонддун кеңеши куралат, ага Кыргызстандын жарандары кирет. Директорлор кеңеши үч өзбекстандык, эки кыргызстандык өкүлдөн турат.

Биргелешкен фонд түзүү 2017-жылы ал кездеги президент Сооранбай Жээнбековдун Өзбекстандагы сапарында демилгеленген.

Өлкө Президенти Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Ташкентке барат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты