Финполдо иштеген 400дөй адам ишсиз калууда

  • 3 года мурун

Мурдагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматинансы полициясы) жоюлгандыктан бул мекемеде иштеген жалпысынан 400дөй адам жумушсуз калууда.

Маалыматка караганда, алардын 300ү офицер, калган 100дөй адам тейлөөчү жана техникалык персонал.

Өкмөттүн маалыматына караганда, аларды иштен бошотуу, тийиштүү кенемте акчасын төлөп берүү, окутуу жана кайра окутуу ишин атайын түзүлгөн жоюу комиссиясы жүргүзмөй болуп жатат. Жоюу комиссиясы түзүлгөнү 9-мартта белгилүү болду.

Комиссия финполдун мүлкү, карыздары, тергеп жаткан жазык иштерин тийиштүү мекемеге өткөрүп берүү менен да алектенет.

Кыргызстанда 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришкен. Премьер-министр Улукбек Марипов талапкерлиги парламентте каралып жатканда өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.

12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча жарыяланган токтомунда финансы полициясы ушундай эле аталыш менен калары, бирок экономика жана финансы министрлигинин карамагында болору жазылган.

5-мартта өкмөттүн финполду жоюу тууралуу чечими кабыл алганы маалым болду. Анда көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өнүмгө карата 24-43% экени, аталган кызмат ишин жакшы аткарбай жатканына далил экени, ал ишкерликке мыйзамсыз кийлигишип, жемкорлукка өзү да жол берип жатканы белгиленген.

Финансы полициясы өз алдынча орган катары 2012-жылы негизделген. Коомдук кеңеши, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү жана юристтер ассоциациясы бул мекемени жоюу ыктымалдыгы тууралуу талкуу жаралганда андай кадамга барбоо керектигин айтып чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты